Нурсултан Назарбаев миллиардер Алишер Усмановго орден тапшырды

Ишкер Казакстан менен Россиянын экономикалык карым-катнашына кошкон салымы үчүн сыйланганы айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев Өзбекстанда туулуп-өскөн россиялык ишкер, миллиардер Алишер Усмановго "Достык" орденин тапшырды. Бул тууралуу Казакстан президентинин расмий сайтында жарыяланды. 

Ишкер Казакстан менен Россиянын экономикалык карым-катнашына кошкон салымы үчүн сыйланганы айтылат.

Нурсултан Назарбаев миллиардер Алишер Усмановго орден тапшырды

Алишер Усманов 1953-жылы Наманган районунун Чус районунда жарык дүйнөгө келген. Ал атактуу USM Holdings акцияларынын ээси, тагыраагы, "Метоллоинвест" жана "Мегафон" компанияларынын активдерин көзөмөлдөп турат. Бир нече жылдан бери Россия менен дүйнөнүн эң бай адамдарынын тизмесинен түшпөй келет.