Апта ирмеми: падышанын өзгөчө тоюнан Москвадагы каргашага чейин

Sputnik

Шереметьево аэропортунда Москва — Мурманск багыты боюнча учкан самолет кырсыкка учурап, 41 киши каза тапты.

Бишкектин четинде автоунаалардын таймашы болду. Кызыктуу 14 сүрөт
Венесуэланын борбору Каракас шаарында мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети болуп өттү. Акция учурунда беш киши октон көз жумган.

Таиландда падыша Маха Ватчиралонгкондун (Рама Х) үйлөнүү үлпөтү өттү. Монарх жеке гвардиясынын башкаруучусунун орун басары, генерал Суттхида Ватчиралонгкон На Аюттхайя менен баш кошту.

Боливиянын Ла-Пасе аймагында көчкү жүрүп, 15 үйдү кыйратып кетти. Бийлик жабырлануучулар үчүн убактылуу лагерь уюштуруп берди.

1 / 17
1-май күнү Таиландда падыша Маха Ватчиралонгкондун (Рама Х) үйлөнүү үлпөтү өттү. Канайым монархтын жеке гвардиясынын башкаруучусунун орун басары, генерал Суттхида Ватчиралонгкон На Аюттхайя болду.
2 / 17
"Локомотив" футбол клубунун күйөрманы "Игра престолов" каарманынын кейпинде. Беттеш клубдардын арасындагы футбол боюнча Россия чемпионатынын 26-турунда өтүүдө.
3 / 17
Шри-Ланкадагы бир катар жардыруудан каза тапкан жакынын жоктогон аял. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча жардыруулар 250-300 кишинин өмүрүн алып кетти
4 / 17
АКШ президенти Дональд Трамп майрамдык жөрөлгөдө элди куттуктап жатат
5 / 17
Токиодо сейилдеп жүргөн кыз
6 / 17
Сеул шаарында будда храмындагы жаш кечил
7 / 17
Венесуэланын борбору Каракас шаарында Улутттук гвардия менен кагылышуудан жаракат алган эркек киши. 30-апрель күнү оппозиция лидери Хуан Гуаидо өзүн убактылуу президент деп жарыялап, эл менен армияны мыйзамдуу өлкө башчы Николас Мадурону тактан кулатууга чакырган.
8 / 17
РФ президенти Владимир Путиндин сүрөтү түшүрүлгөн граффитинин жанынан самокат тээп бараткан бала
9 / 17
Dior мода үйүнүн Cruise 2020 коллекциясынан бир ирмем
10 / 17
Тегусигальпадагы (Гондурас) суу сактагычтын түбүндөгү көпөлөк. Кургакчылык суунун деңгээлинин азайышына алып келди.
11 / 17
Кипрдин борбор калаасынан 28 чакырым алыстыкта жайгашкан Коккинопезоула көлүндө киши колдуу болгондордун сөөгүн издеген куткаруучулар. Кылмышка шектелип үч адамдын сөөгү салынган чемодандарды чөктүрүп жибергенин айткан аскер кызматкери кармалган. Алдын ала маалымат боюнча курмандыктардын арасында беш аял жана эки бала бар.
12 / 17
Күнгө таянган таш бакалар. Румыниянын Бухарест шаарындагы парктардын бири.
13 / 17
Боливиядагы жер көчкүнүн кесепети
14 / 17
Суданда өткөн толкундоолор. Аскердик төңкөрүш төрт айга созулган акциялардан кийин 11-апрелде болгон. Президент Омар аль-Башир бийликтен четтетилип, абакка камалган.
15 / 17
Америкалык ырчы Тейлор Свифт Лас-Вегаста
16 / 17
Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына арналган аскердик парадга даярдык көрүүнүн алдында
17 / 17
5-май күнү Москва — Мурманск багыты боюнча бараткан учак 28 мүнөттөн кийин кайра Шереметьево аэропортуна конууга аргасыз болуп, өрттөнүп кеткен. Каргашанын кесепетинен 41 киши каза тапты.