БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында россиялык мушкер, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов америкалык спортчу Дастин Пуарье менен беттешет. Бул тууралуу UFC президенти Дана Уайттын сөзүнө таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.
14-апрелге караган түнү Пуарье мекендеши Макс Холлоуэй менен мелдешип, UFC уюмунун жеңил салмактагы утурумдук чемпиону наамын утуп алды.
"Пуарье эми Хабиб менен беттешет. Иш-чара сентябрь айында өтүшү мүмкүн", — деди Уайт маалымат жыйында.
Ал эми россиялык мушкер Пуарье менен Холлоуэйдин беттешине саресеп салып, калыстын чечимине макул эместигин билдирди. Анын айтымында, таймаш жок дегенде тең эсеп менен аяктаса туура болмок.
30 жаштагы Нурмагомедов 27 ирет беттешке чыгып, баарын утуп алган. Ал эми өзү курактуу Пуарье 25 жолугушуудан жеңүүчү болуп чыгып, беш ирет утулган. Бир беттешинин жыйынтыгы жокко чыгарылган.