Кылымдар бою кырылса да жок болбогон айрым элдер бейпил, тынчтык заманда маданиятынан кол жууп, бат эле тарых бетинен аты өчүп кеткен учурлар бар экенин эске салган колумнист кыш чилдесинде алыскы айылдарга болгон сапары ой толгоого уютку болуп бергенин жазды.
Акча эмес алкыш алган айылдыктар
Айтор, ошондой үйлөрдүн биринде конок болуп, андан соң семинарыбызды өткөрдүк. Китеп менен достошууга, караңгылык менен касташууга багыттаган ал семинарга адамдардын агылып келиши элибиздин илим-билимге, ыйманга, жакшы насаатка, дегеле руханий азыкка аябай суусап турганын кабарлайт.
Жердин байлыгы - кен, а элдикичи?
Сапар карып, кайра кайтканы унаага отуруп жатканыбызда бизди эртең менен коноктогон үйдүн жашы жетилердеги эрке баласы кайдан-жайдан тели-теңтуштары менен чуркап жетип келди.
— Кетесиздерби? — деди ал энтиге, досторунан айырмаланып чоочун бизди тааныгандыгын баса көрсөткүсү келгендей.
— Ооба, — дедик жарыша.
Аттиң ай, азыр шаарларда салам айтуу маданияты унутулуп калды. Кыйма-чийме кыймылдагы кыжылдаган көпчүлүктүн ичинен канча жаштарды, мектеп окуучуларын жолуктурабыз, салам узатканы жокко эсе. Калдайган калаа көчөлөрүндө ар бир адамга баш ийкешип отуруу, балким, ыңгайсыздыр дейин десең, мектептер менен окуу жайлардын ичинде деле ошол акыбал. Салам адеби сандан чыкканы менен коомдук жайларда улуу-кичүүнү, кыздарды, аялдарды көзгө илбей, оозуна ак ит кирип, кара ит чыга сөгүнүү кадыресе көрүнүшкө айланып барат. Акырын акыл айтсаң, айрымдары аңыраңдап ачуулуу карашат.
Шаар тургай элибиздин нарк-салтынын, маданиятынын уюткусу, алтын бешиги болгон айылдарыбыздагы айрым мектептерге кирсең, окуучулары сүзүп жиберчүдөй дүңкүйүп өтүшөт. Бул өтө өкүнүчтүү, анткени саламды унутуу — бул маданиятты курутуу. Ооба, маданият, адеп жана ынтымак саламдан башталат. Саламсыз маданият башаты соолуган дарыядай узакка барбайт. Кылымдар бою кырылса да жок болбогон айрым элдер бейпил, тынчтык заманда маданиятынан кол жууп, бат эле тарых бетинен аты өчүп кеткен учурлар бар. Жердин байлыгы алтын, күмүш, жакут, бермет болсо, элдин байлыгы — маданияты, тили, адеби, ыйманы...
Сөз чакырат, үлгү ээрчитет
Жети жашка чейин бала күзгү сыяктуу болот, айтканыңды угуп, эмне кылганыңды көрүп түздөнөт дейт. Жаш баланы "Эмнеге салам бербейсиң?" деп кекетпей, ага өзүң салам беришиң керек экен. Көргөнү көөнүнө, байкаганы баамына сиңип, алары акырындап амал-аракетке айланат тура. "Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат" деген эмеспи бабалар.
Салам адеби
Адеп боюнча атчан жөөгө, турган отурганга, унаадагы салт жүргүнчүгө, жашыраагы улуусуна, жалгыз көпчүлүккө салам айтышы абзел. Артта бараткан адам озунуп алдыдагысына салам айтышы шарт.
Саламга алик албай коюу да өтө чоң адепсиздик. Бир жаш адам "Салам айтсак жооп бербей ыңгайсыз кылат" деп чоң кишилерге нааразы болгону эсимде. Укпай же байкабай калгандыр, болбосо кантип жооп бербесин деп күмөн кылган элем.
Саламдын жообун дароо берүү шарт. Болгондо да тилиңди эле кыймылдатып койбой үнүң, сөзүң угулгандай ачык жооп бер. Кечеңдетип жооп айтсаң, алик албаган сыяктуу эле болот экен, анткени салам айткан адам сенден узап кеткен болот же бейкапарлыгыңды текебердик, тоготпостук катары кабылдап шагы сынып калат. Көңүлдү муз капташ үчүн көз ирмем жетиштүү эмеспи...
Үйгө жылмая салам айтып кирсең, жубайыңа карата мээрим-сүйүүң эч качан суубайт, тескерисинче, күндөн-күнгө табына келет дешет.
Эгер адам адамга салам айтып турса көздөн көзгө мээрим, жүздөн жүзгө нур өтүп, жүрөктөргө куш канатынын алдындагыдай жылуулук уяламак.
...Наристелердин жолдогон саламы жүрөгүбүздү жылытып, дилибизди балкытып, ушундай ойлорго себеп болду. Алар биз менен жадырап-жайнап коштошту. Жүздөрүндөгү жылмаюу, балким, бизге берген батасыдыр. Периштедей аруузаттардын батасы, буюрса, сөзсүз кабыл болот. Демек, сапарыбыз байсалдуу уланат. Келечекке таштаган кадамдарыбыз кажырлуу, жасаган аракетибиз ажарлуу болгой...