СССР убагында аябагандай соодасы жүрүп турчу ар бир райборбордогу китеп дүкөндөр банкрот болгон бойдон кайра тикелене элек. Бул өтө уят көрүнүш. Ар кандай өнүккөн өлкөлөрдүн калааларынын как ортосунда каттагандардын, кардарлардын көптүгүнөн күнү күркүрөп, түнү дүркүрөп иштеген, көп кабаттуу китеп дүкөндөрү болот. Бишкекте да жалаң китеп сатылган "Айчүрөк" соода борбору сыяктуу көп кабаттуу соода комплекси курулуусун кыялданам жана тилейм. Элестетсеңиз, жалаң китеп сатылган супермаркетти… Ал үчүн улутубуз китепкөй болушу керек…
Реалдуу кыял
Куурай жана гүлзар
Куурайга же отоо чөпкө мээнет коротуп кереги жок, алар ансыз деле көбөйүп, ансыз деле жайнай берет. Бирок гүлзарды көктөтүү үчүн дыкат карап, тынбай кам көрүп эринбей эмгектенүү абзел. Ант ичкендей китептен оолак болуу адаты азыр отоо чөптөй тамырлап, таркаган заман. Тек койсоң ушул көрүнүш улана берет. Китептен алыстагандын билими тайыздайт. Билимден кол жууган эл бара-бара баарынан кол жууйт. Кемең болбосо деңизде кантип сүзөсүң? Ошондуктан китеп окуу менен рухтардын жана акылдардын отоо чөп баскан мейкиндиктерин гүлзарларга, гүлбактарга айланталы…
Кантип?
1. Китеп окууну эртең же эки сааттан кийин эмес, азыр башта!
3. Мыкты китеп тандап атаң менен апаңа, чоң ата, чоң энеңе, таята, таенеңе окуп бер. Илим менен кошо бата да аласың. Айылдардагы өткөн-кеткенди көзү менен тосуп-узатып, артынан сүйлөп, геосаясаттан баштап көчөдөгү акыркы жаңылыктарга чейин жаагын жара талкуулап убакыттын убалына калып жаткан эргулдарды да китепке "азгыр"… Кызыктуу жомокторду иргеп бөбөктөргө окуп бер. Жалаң эле тамак жаса, үйдү тазала, кийим үтүктө, короону шыпыр дей бербей, аялыңа кээде убактым тартыш, сен окуп айтып бер деп китеп табышта.
5. Оозунан чыкканын жөн эле алып бере бербей, балдарың, неберелериң менен "соодалаш". Бул жомокту же тигил аңгемени окуп, кайра айтып берсе сураганын сатып берүү тууралуу келиш. Бара-бара жашына жараша тапшырма бер. Маселен, күнүнө 10 жашары жок эле дегенде сегиз бет, 8 жашары беш бет, 6 жашары бир бет окусун… Чоң романдын же повесттин ичинен бир сөздү, окуяны же диалогду тандап, "баланча деген сөздү автор каеринде кандай сюжетке байланыштуу колдонгонун эле айтып берсеңер беш коём" деп козутуп койсоң, ошол бир сөздү же сүйлөмдү таап, окуяны түшүнүш үчүн балдар китепти ары-бери аңтарып-теңтерип, толук окуп салышат деп уккам…
7. Дааватчылар эшиктерди каккылап адамдарды ыйманга, мечитке чакыргандай, ар бир батирди, ар бир короону кыдырып, элди окурманын күтүп үңкүйүп турган китепканаларга чакыр…
8. Тойлордогу оюндарда тамадалар бүгүн ырдалып, эртең унутулчу, же мааниси жок, же эстетикалык ракат бербес "даңка-дуңктун" таржымалын сурагыча Айтматовдун, Жантөшевдин, Токомбаевдин, Баялиновдун, Майн Риддин, Тургеневдин, Габриель Маркестин ж.б. чыгармаларынан суроолорду түзсө, анан жеңүүчүлөргө Кытайдын жалтыр-жултур арзан буюмдарын же жеңелердин сандыктарына түшүп, чаң басып кийинки конок менен тойду күткөндөн башкага жарабаган эч ким кийбес калпак, жоолук, чапан эмес, КИТЕП берсе, той шаан-шөкөттүн эле эмес, таалим-тарбиянын да эсте каларлык окуясына айланмак.
9. Кээ бир жерлерде кыздын себине бир машина төшөк кошуп берүү салты дале сакталып келет. Илгери уктай турган эмерек, мейманды дүңүнөн тосчу ресторан, кафе жок заманда, адамдар мейманканаларга эмес, туш келген үйгө кудайы конок болуп конуп калчу учурларда төшөктүн көп болуусу абдан абзел эле. Азыр жууркан-төшөк шыпты тирей жыйылган бойдон чаң басып турат. Төшөк тигип, жүктөп берүү тек гана салт иретинде сакталып калды. Андан көрө китеп текче менен кошо "Манастын", Баласагындын, Айтматовдун, Сыдыкбековдун, Касымбековдун, Жусуевдин, Алыкулдун, Эрматовдун, Алымбековдун, Пушкиндин, Толстойдун ж.б. томдуктарын сепке кошуп берүү адатын түптөп, жайылтсак, тарыхыбызды даңазалап, маданиятыбызды даңктаган болот элек.
11. Окуп жактырган китебиңди унчукпастан кайра текчедеги ордуна коюп басып кетпей, ар кимге макта, социалдык түйүндөр аркылуу даңазала, жарнамала. Сураган жан чыкса, бере тур. Китеп бирөө менен гана агарып-көгөргүдөй жубай эмес. Ал колдон-колго өтүп, көздөн-көзгө чалынган сайын багы ачылат.
Элибизге китеп эле окутуп алсак, көп нерсе өзүнөн-өзү өзгөрөт. Анткени адам денеси, кадамы, акылы менен жете албаган жерге китеп аркылуу жетет, жаңы идеялардын кенчин китеп аркылуу табат. Бир орундан жылбай отуруп ааламды көрүп, дүйнөнү таануунун жолу да ушул КИТЕП.