Путин Жээнбековго: сиздин аракетиңизден улам Кыргызстанда абал туруктуу

Владимир Путин 28-мартта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди.
Sputnik

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Кыргызстандын экономика тармагында жагымдуу өзгөрүүлөр билине баштады. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин кыргызстандык кесиптеши Сооронбай Жээнбеков менен жолугуп жатып айтты.

РФ президенти Кыргызстандын товар айландыруусу Россия менен гана эмес, ЕАЭБдин бардык өлкөлөрү менен өсө баштаганын белгиледи.

"Кыргызстан менен ар тармакта тыгыз иштешүүбүз уланууда. Өзгөчө эл аралык аренада дагы жолдор салынды. Жакында Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин кабыл алганы турат. Иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүп аласыздар деп ишенем. Белгилей кете турган жагдай, сиздин аракеттерден улам Кыргызстанда тынчтык жана туруктуулук өкүм сүрүүдө. Ал эми бул нерсе көптөгөн социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө жардам берет", — деди Путин.

Ал эми Жээнбеков Путинге Кыргызстан ЕАЭБге кирген алгачкы жылдары көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

"Россия — биздин жакын, ишенимдүү стратегиялык өнөктөшүбүз. Сиздер менен болгон мамилебизди жогору баалайбыз. Сиздин жеке колдооңуздун арты менен эки тараптуу кызматташуу азыркыдай сапаттуу, бийик деңгээлге жетти", — деди Жээнбеков.

Владимир Путин Кыргызстанга 28-мартта эртең менен келди.