ОшМУ Россиянын 12 университети менен кызматташа турган болду

Жалпылап айтканда, жыйынга Кыргызстан менен Россия тараптан 70ке чукул ректор катышты.
Sputnik

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кыргызстан жана Россиянын ректорлорунун I форумунда ОшМУ менен Россиянын ЖОЖдорунун ортосунда кызматташуу боюнча 12 меморандумга кол коюлду.

Алгач Казань федералдык университетинин ортосундагы өз ара алака боюнча меморандум түзүлдү.

Россияда студенттер үчүн бюджеттик орундун квотасы көбөйүшү мүмкүн
Андан сырткары, Байкал мамлекеттик университети, Воронеж мамлекеттик университети, Мари мамлекеттик университети, Сибирь федералдык университети, Москва физика-техника университети, Владимир мамлекеттик университети, Нижегород мамлекеттик университети, Алтай мамлекеттик университети, Урал федералдык университети, Кемерово мамлекеттик университеттери менен да кызматташмай болду.

Буга чейин ОшМУ Россиянын 33 жогорку окуу жайы менен кызматташып, окутуучулар, студенттер, магистранттар академиялык мобилдүүлүк программаларынан өтүп келген.

Бүгүнкү форумдун алкагында жалпысынан 12 жогорку окуу жайы менен кызматташуу келишимдерине кол коюлуп, кызматташуунун алкагы кеңейди.

Учурда ОшМУнун 18 студенти, алардын ичинен 4 магистранты Россиянын ЖОЖдорунда академиялык мобилдүүлүктөн өтүп жатышат.

Эске салсак, бүгүн, 27-мартта, "Илим жана билим берүүнүн өнүгүүсү - келечекке салынган инвестиция" аталышындагы Кыргызстан жана Россиянын ректорлорунун I форуму өтүүдө.

Ага президент Сооронбай Жээнбеков катышып, Кыргызстан үчүн келечектүү илимдин багыттары тууралуу айтып берген.

Эч нерсе айта албайм. Министр Кудайбердиева МГУнун ачылбай калган филиалы тууралуу
Бул форумдун маанилүүлүгүн белгилеген Россия лидери Владимир Путин анын катышуучуларына кайрылуу жасап, кыргыз-орус ЖОЖдорунун ортосунда түз диалог билим берүү жана илим чөйрөсүндө өз ара алаканы өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк берерин белгилеген

Форумга Россиянын илим жана жогорку билим берүү министри Михаил Котюков, Россиянын агартуу министри Ольга Васильева, Россиялык ректорлор союзунун президенти Виктор Садовничий жетектеген 40 жогорку окуу жайдын өкүлдөрү келген.

Ал эми Кыргызстан тараптан билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, КРдин жогорку окуу жайларынын ассоциациясынын төрагасы Абдылда Мусаев баштаган 31 ЖОЖдун ректорлору катышууда.

Жалпылап айтканда, жыйынга эки тараптан 70ке чукул ректор катышты.