Апта ирмеми: митингге чыккан миллион кишиден бикини кийген сулууларга чейин

Sputnik

Лондондо (Улуу Британия) Brexit боюнча кайрадан референдум өткөрүү талабы менен жөө жүрүшкө миллионго жакын адам чыкты.

Кыргызстанда Ноорузга карата өзгөчө майрамдык иш-чаралар уюштурулду.

Африканын түштүк-чыгыш жээгинде болгон "Идаи" циклонунун кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө. Циклон марттын орто ченинде Мозамбик, Зимбабве жана Малини кыйратып кеткен. Анын кесепетинен 446 адам каза болгон. Көз жумгандардын саны миңге чыгышы мүмкүндүгү болжолдонууда.

"Ала-Тоо" аянтындагы Атамбаев менен Бакиев. Март окуясын эске салган 24 сүрөт
Сауд Аравияда эл аралык Camel Fest этнофестивалы аяктады. Ага Кыргызстандын миңден ашык спорт жана маданият кызматкерлери катышты.

Кытайдагы Цзянсу провинциясындагы химзаводдо болгон жарылуудан кийин дайынсыз болуп жаткан адамдарды издөө уланууда. Кырсыктын кесепетинен каза болгондордун саны 64кө жетти. Дагы 28 киши дайынсыз.

Сайтамада (Япония) көркөм муз тебүү боюнча дүйнөлүк чемпионат аяктады. Россиялык фигурист Алина Загитова 237,5 упай топтоп алтын тагынды.

Индияда боектордун "Холи" фестивалы өттү.

Бишкекте Нооруз майрамына карата уюштурулган көк бөрү боюнча турнирдин жогорку лигасынын финалы болду.

1 / 18
15-мартта Крайстчерч менен анын чет жакасындагы Линвудда мечитке келгендерге кол салуу болгон. Анын кесепетинен 58 киши каза тапкан. Арасында аялдар менен балдар дагы бар. Дагы 48 адам ок жеп ооруканага жаткырылган.
2 / 18
Кыргызстандык жаачы кыздар Сауд Аравияда өткөн Camel Fest этнофестивалына катышты. Иш-чара 9-марттан 23-мартка чейин созулду. Кыргызстандын атынан миңден ашык спорт жана маданият кызматкерлери барды.
3 / 18
Балдар циклон кыйратып кеткен Чиманиман (Зимбабве) шаарында иче турчу суу көтөрүп баратат.
Африканын түштүк-чыгыш жээгинде болгон "Идаи" циклонунун кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Циклон марттын орто ченинде Мозамбик, Зимбабве жана Малини кыйратып кеткен. Анын кесепетинен 446 адам каза болгон. Көз жумгандардын саны миңге чыгышы мүмкүндүгү болжолдонууда.
4 / 18
Россиялык фигурист Алина Загитова Сайтамада (Япония) өткөн көркөм муз тебүү боюнча дүйнө чемпионатына катышты. Спортчу 237,5 упай топтоп алтын тагынды
5 / 18
Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев менен учурдагы президент Касым-Жомарт Токаев Астанада Нооруз майрамын тосушту. Назарбаев отставкага кетерин 19-мартта жар салган. Президенттик ыйгарым укуктар буга чейин парламент сенатынын төрагасы болуп келген Токаевге өттү.
6 / 18
Новосибирскидеги (Россия) зоопарктагы мамалактар
7 / 18
Новосибирскиде өткөн Фитнес-бикини ачык чемпионатынын катышуучулары
8 / 18
Кыргызстанда Ноорузга карата өзгөчө майрамдык иш-чаралар уюштурулду
9 / 18
Бишкекте Нооруз майрамына карата уюштурулган көк бөрү боюнча турнирдин жогорку лигасынын финалы болду. Анда Таластын "Ынтымагы" менен Оштун "Достугу" беттешти. "Ынтымакчылар" каршылашын 6:1 эсеби менен жеңип алды.
10 / 18
Албаниянын борборунда өкмөткө каршы акция өттү. Анын катышуучулары премьер-министрдин жана башкаруучу Социалисттик партиянын лидери Эди Раманын отставкасын талап кылды.
11 / 18
Индияда боектордун "Холи" фестивалы өттү
12 / 18
Дүйнөлүк суу ресурстары күнүнө карата (22-март) адамдар таштандыга толгон Маниладагы (Филиппин) каналдын жээгин бойлой басышат
13 / 18
Пакистандын Улуттук күнүнө карата Исламабадда авиациялык топ аскерий парадга катышты
14 / 18
Лондондо (Улуу Британия) Brexit боюнча кайрадан референдум өткөрүү талабы менен жөө жүрүшкө миллионго жакын адам чыкты
15 / 18
Такси Гавана (Куба) жээги менен бара жатат
16 / 18
Кытайдагы Цзянсу провинциясындагы химзаводдо болгон жарылуудан кийин жоголуп кеткендерди туугандары издеп жатат. Окуянын кесепетинен каза болгондордун саны 64кө жетти, дагы 28 киши дайынсыз.
17 / 18
Индиялык фитнес-моделдер Гоада өткөн Body Power Beach Show пляж шоусуна катышты
18 / 18
Цзянсу провинциясындагы Дзимин чиркөөсүнүн жанындагы гүлдөгөн алчалардын аллеясына келген адамдар