КР согушта бактериологиялык курал колдонууга тыюу салган протоколго кошулду

Женева протоколуна 1925-жылы бир катар өлкөлөр кол коюп, 1928-жылы күчүнө кирген.
Sputnik

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков "1925-жылдын 17-июнунда Женева шаарында кол коюлган Согушта тумчуктуруучу, уулуу же ушул сыяктуу башка газдарды жана бактериологиялык каражаттарды колдонууга тыюу салуу жөнүндө протоколго Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу" Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Түрмөдөн чыккан чет өлкөлүк жарандарды өлкөдөн чыгаруу тартиби аныкталды
Протоколго же Женева конвенциясына 1925-жылы бир катар өлкөлөр кол коюп, 1928-жылы күчүнө кирген.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 13-февралында кабыл алынганы маалым.

Эми Тышкы иштер министрлиги Женева протоколуна Кыргызстандын кошулуусу жөнүндө грамотаны депозитарий болуп саналган Франция өкмөтүнө жөнөтүүгө тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.