Эх-хх… көк бөрү! Тура калган аткаминерлер, жалтанган милиционер. Кызыктуу 13 сүрөт

Sputnik

Тандоо туру 15-мартта эле "Ак-Кула" ат майданында башталып, жеңүүчүнүн титулуна алты команда ат салышты.

Ипподромдо жакалашкан күйөрмандар. Көк бөрүнүн финалындагы видео
Ошентип финалга Талас облусунун "Ынтымак" жана Ош облусунун "Достук" командалары чыгып, жеңиш 6:1 менен аяктады. Үчүнчү орунду "Бакубат Талас" командасы ээледи.

Жеңген команда 500 миң сом, экинчи орунду ээлеген оюнчулар 250 миң, ал эми үчүнчү орунга татыган көк бөрүчүлөр 120 миң сом алды. Калган үч командага акчалай кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды. Төртүнчү орунга чыккан "Көк жалга" байге фондусунан 70 миң, ал эми "Төш-Булак" жана "Четиндиге" 30 миң сомдон берилди.

1 / 13
Нооруз майрамына карата уюштурулган көк бөрү мелдеши 15-мартта эле башталган
2 / 13
Жогорку лиганын финалына Таластын "Ынтымагы" менен Оштун "Достук" командалары ат салышты
3 / 13
Мелдеш "Ак-Кула" ат майданында өттү
4 / 13
Улакты талашкан оюнчулар
5 / 13
Улакты жерден эңип алуу үчүн каруу керек
6 / 13
Таластын оюнчулары мыкты даярдыкта экенин көрсөтө алышты
7 / 13
Жерде жаткан улакты шамдагай, күчтүү оюнчу гана эңип алат
8 / 13
Улакчылар мындай оюндарга түшүү үчүн жылдап машыгат
9 / 13
Трибунадан жардана караган эл улакчыны сүрөөнгө алып жатышат
10 / 13
Камчыны оозго тиштеп, улакты такымына баскан оюнчу
11 / 13
Көк бөрүнү көрүүгө Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, президенттин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, ЖК депутаты Канат Исаев, Алмамбет Шыкмаматов жана вице-премьер Замирбек Аскаров келди
12 / 13
Оюнда бул сапар да Таластын "Ынтымак" командасы жеңүүчү болду
13 / 13
Чемпиондорго 500 миң сом сыйлык тапшырылды