Радио

Асеков: 2013-жылдан бери 29 млрд. сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилди

Финансы министрлигинин алдындагы бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлү Кылычбек Асеков "Айыл чарбасын каржылоо" долбоору 2013-жылдан баштап ишке ашып келерин айтты.
Sputnik
Асеков: 2013-жылдан бери 29 млрд. сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилди

2013-жылдан бери 80 миңден ашык чарбакер субъект 29 миллиард 600 миллион сомдон ашык жеңилдетилген насыя алды. Бул тууралуу Кылычбек Асеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өкмөт "Айыл чарбасын каржылоо" долбоорун улантуу максатында "Айыл чарбасын каржылоо — 7" программасын бекитти.

"Айыл чарбасын каржылоо" долбоору өкмөт тарабынан 2013-жылдан баштап ишке ашып келе жатат. Бул долбоор ишке ашкандан баштап 80 миңден ашык чарбакер субъект 29 миллиард 600 миллион сомдон ашык жеңилдетилген насыя менен камсыз болду. 2019-жылы өкмөт аталган долбоорду улантуу максатында "Айыл чарбасын каржылоо — 7" программасын бекитти", — деди Асеков.

Ал аны ишке ашыруу үчүн Финансы министрлиги үстүбүздөгү жылдын 12-февралында 9 коммерциялык банк менен келишим түзгөнүн кошумчалады.