Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Өкмөт кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча парламентте маалымат берет

13-мартта Ак-Сай — Тамдык айланма жолдун курулушунан улам Баткен районунун Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Меxнатабад айылынын тургундары ортосунда чыр чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында саат 11:00дө өкмөт Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча маалымат берет. Тийиштүү чечим парламенттин жалпы жыйынында 88 депутаттын макулдугу менен кабыл алынды.

Депутаттар Карамат Орозова менен Таабалды Тиллаев Тажикстан менен болгон чек арадагы абал курчуп кеткенде гана көтөрүлүп жатканын айтып, андыктан акыркы окуя боюнча өкмөттүн маалымат берүүсүн сунушташты.

Таабалды Тиллаев чек арадан Жүк-200дү өткөрбөй коюшканын айтты.

"Акыркы убакта өкмөт "Коопсуз шаар" менен алектенип мамлекеттин коопсуздугуна анчейин көңүл бурулбай калды көрүнөт. Бүгүн саат 11:00дө тийиштүү органдарды чакырып маалымат угуп, кийинки жумада тийиштүү комитеттерде кароону сунуштайм", — деди ал.

Кыргыз-тажик чырынан улам Баткен чек ара бөлүмү күчөтүлгөн тартипке өттү
Төрага Дастан Жумабеков бүгүн эртең менен өкмөт башчы менен сүйлөшкөнүн жана вице-премьер Жеңиш Разаков окуя болгон жерге учуп кеткенин айтканын билдирди.

Эскерте кетсек, 13-мартта Ак-Сай — Тамдык айланма жолдун курулушунан Баткен районунун Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Меxнатабад айылынын тургундары ортосунда чыр чыккан.

Коңшу айылдын тургундары бири-бирин ташка алганы маалым. 13-мартта кечки саат 20:00дөн кийин эки өлкөнүн 200гө чукул жараны кайрадан бири-бирине таш ыргытып, кырдаал чыңалган.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери жана чек арачылары кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.