Россияда эки кыргызстандыкты өлтүрдү деген шектүү кармалды. Сурактын видеосу

Москва дарыясынын жээгинен бир жыл мурда кыргызстандык эки жарандын сөөгү табылган. Буга чейин аларды өлтүрүүгө шектелген киши кармалган. Эми милиция анын шеригин тапты.
Sputnik

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Россияда эки кыргызстандыкты уурдап кетип өлтүрдү деген шек менен Ош облусунан бир киши кармалды. Бул тууралуу КР ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Москвадагы суши-барда бычакталган киши тууралуу элчилик эмне дейт
Кыргызстандыктардын сөөгү 2017-жылдын аягында Подмосковье аймагындагы Москва дарыясынын жээгинен табылган. Жарым жылдан кийин биринчи шектүү кармалган.

Экинчи шектүү 7-мартта колго түшкөн. 26-январда Өзгөн районунун Жылалды айыл аймагындагы кафелердин биринен белгисиз бирөөлөр жергиликтүү тургунду сабап, 90 миң сомун алып кеткени боюнча билдирүү түшкөн. Тергөө учурунда бул окуяга уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган 1982-жылы туулган Д.А. аттуу жарандын катыштыгы бар экени аныкталган.

"Ал Подмосковьеден эки кыргызстандыкты уурдап кетип өлтүрдү деген шек менен мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. Анын жүргөн жери аныкталап, колго түшүрүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Кармалган шектүү Өзгөн РИИБине алып келинген. Учурда милиция анын башка кылмыш иштерине тийиштиги бар-жогун текшерип жатат.