Казакстанда "Нур Отан" партиясынын съезди өттү. Назарбаевдин тапшырмалары

Казакстандын башчысынын дээрлик бардык тапшырмалары социалдык көйгөйлөргө тийиштүү.
Sputnik

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Астанада "Нур Отан" партиясынын съезди өттү. Ага Нурсултан Назарбаев катышканын Sputnik Казакстан жазды.

Съезд партиянын 2030-жылга чейинки "Коомчулуктун бейкуттугу: 10 жылдыктын 10 максаты" аттуу программасын карады.

Анын алкагында Казакстандын башчысы Нурсултан Назарбаев саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык коргоо, маданият, спорт, айыл чарба жана башка тармактарды өнүктүрүү тапшырмасын берди.

Казакстандын жаңы өкмөтүнүн курамы бекиди. Тизме
Назарбаев 2019-жылдын 1-июлунан тарта бюджеттик сферадагы аз маяналуу кызматкерлердин айлыгын 30 пайызга, ал эми район, облустардагы аткаруучу орган кызматкерлеринин маянасын 25 пайызга көтөрүүнү тапшырды.

Бул максаттарды ишке ашырууга 2019-2021-жылдары кошумча 980 миллиард теңге бөлүнөт.

Назарбаев ошондой эле көп балалуу жана аз камсыз үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган бир катар тапшырмаларды берди. Мисалы, атасы же энеси жок көп балалуу үй-бүлөлөргө үйдөн отуруп иштөөгө шарт түзүү, ал эми айылда жашагандарга өзүнчө грант үчүн квоталарды жана микрокредиттерди бөлүүнү тапшырды. Мындан сырткары, "Нурлы жер" программасынын алкагында көп балалуу аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн ижарага берилчү 40 миң батир курууга буйрук кылды.

Медицина

Президент коомдук саламаттык сактоо тармагы менен медициналык-санитардык жардам багытына болгон чыгымдарды 40тан 60 пайызга жогорулатуу зарылдыгын белгилеп, саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө кошумча 120 миллиард теңге бөлүүнү тапшырды.

Жол куруу

Борбордук Азия үчүн бирдиктүү виза киргизилет
Регионалдык транспорттук инфраструктура, анын ичинде аэропорттор, темир жол бекеттери жаңыланышы керектиги айтылды. Астана, Алматы жана Шымкент ири шаарларындагы аймактардын жолдорун оңдоого 2019-2021-жылдар аралыгында кошумча 90 миллиард теңге бөлүү тапшырылды. Ошондой эле кичи жана бир типтеги шаарларды өнүктүрүүгө алдыңкы үч жылда 10 миллиард теңге бөлүнөт.

Таза суу

Назарбаев таза суу багытына кошумча 140 миллиард теңге бөлүүүнү тапшырды. Ал ошондой эле газга кошуу жана электр энергия тармагына 190 миллиард теңге бөлүү зарылдыгын кошумчалады.