Финансы министрлиги Кыргызстандын карызы кайсы чекке жеткенин айтты

Өлкөнүн ички жана тышкы карызын кошуп эсептегенде суммасы 311 миллиард 834,67 миллион сомду түзгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Финансы министрлиги 2018-жылдын 31-декабрына карата Кыргызстандын карызынын көлөмү канчага жеткенин билдирди.

Кыргызстандын карызы ай сайын он миллиондогон долларга өсүүдө. График
Маалыматка ылайык, өлкөнүн тышкы жана ички карызы 4 миллиард 464,35 миллион долларды (311 миллиард 834,67 миллион сомду) түздү.

Анын ичинде мамлекеттик тышкы карыз — 3 миллиард 825,75 миллион доллар (267 миллиард 228,64 миллион сом) болсо, ички карыз — 638,60 миллион доллар (44 миллиард 606,03 миллион сом) экени айтылат.