Оштогу тургундун үйүнөн 100 килограмм сымап табылды

Шектүүлөр уулуу заттарды сатып жаткан жеринен кармалды.
Sputnik

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Ош шаарында уулуу заттарды сатууга шектелип эки адам кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын маалымат катчысы Жанна Сатарбаева билдирди.

"Уулуу заттарды жүгүртүү менен алектенген тараптарды аныктоого багытталган операция ийгиликтүү өттү. 3-февраль күнү Ош шаарында 63 жаштагы М.Р. менен 41 жаштагы Х. уулу Ш. сымап сатып жаткан жеринен кармалды", — деди Сатарбаева.

Кармалгандардын биринин үйүн тинтүү учурунда желим идиштерге куюлган 100 килограмм сымап табылган.

Учурда сымапты жүгүртүүгө катышы бар башка адамдар дагы изделүүдө.