Чолпон-Ата аба майданы 2003-жылы өкмөттүн токтому менен жабылган. Ал эми Талас аэропорту 2013-жылы Жарандык авиация агенттигинин чечими менен аэродром макамынан ажыраган. Бул тууралуу Бакыт Бекбача уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда Талас аба майданы тик учактарды гана тейлөөгө мүмкүнчүлүгү бар.
"Өлкөдөгү 11 аэропорттун ичинен Талас аэропортунан аэродром деген макам 2013-жылы алынган. Ал аба майдандын учуп-конуу тилкеси талаптарга жооп бербейт. Учурда анын вертодром деген макамы бар. Ал эми Чолпон-Атадагы аэропорт 2003-жылы өкмөттүн токтомуна ылайык жабылган. Ал аэропорттун коопсуздугу тийиштүү эрежелерге дал келбейт. Ошондон улам Тамчыдагы эл аралык аэропортту ишке киргизүү, анын инфраструктурасын бекемдөө иш-аракеттери көрүлгөн. "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунун келечектеги потенциалы абдан чоң", — деди Бекбача уулу.
Ошондой эле ал учурда өлкө ичинде дагы бир нече аэропорт иштебей тургандыгын кошумчалады.