"Манас" аэропортунда бомба бар деген кабардан улам үч каттам токтотулду

Учурда укук коргоо органдары шек жараткан нерселерди издеп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Эл аралык "Манас" аэропортуна бомба коюлду деген кабардан улам үч каттам токтотулду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аэропорттун маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, төмөнкү рейстер кармалып турат.

  • Бишкек — Москва, учак саат 17:05те учушу керек болчу;
  • Бишкек — Новосибирск, 18:05те учуп кетиши керек болчу;
  • Ош — Бишкек, учак саат 17:25те учушу керек болчу.

Аэропорттун маалымат кызматы кабарлагандай, бомба тууралуу билдирүү саат 14:41де келип түшкөн. Ал эми УКМКга саат 15:09да кабарланган.

Окуя болгон жерге УКМК менен ИИМдин өкүлдөрү келген. Учурда укук коргоо органдары шек жараткан нерселерди жана ага тиешеси барларды издеп жатат. Жүргүнчүлөр менен кызматкерлер коопсуз жерге чыгарылды.

Учурда эмне болуп жатканын тексттик трансляциядан окуңуздар.