Видео YouTube каналына коюлган.
Ролик Twitter тармагына да 13-январда кечинде жарыяланып, бир сутка ичинде 17 миллион, ал эми 15и кечинде 32 миллион ирет каралган.
21 жаштагы кыз денесинин болуп көрбөгөндөй ийилчээктигин жана акробатиканын сонун учурларын көрсөткөн.
Калифорния университетинин спортчусу бул керемет номери үчүн жогорку балл алган.