Чогулгандар бири-бирин тартипти сактоого жана провокацияга алдырбоого үндөп, тынчтык акциясына келгенин билдиришти. Митингди "Кыргыз чоролору" коомдук бирикмеси уюштурган. Алар митингге үч талап менен чыкканын айтышты.
Ал төмөндөгүдөй:
1. Кытайдагы улуттук азчылыктарга карата зордук-зомбулук токтотулсун! Этникалык кыргыздардын тарбиялоочу лагеринде кармалышынын себептери жана мыйзамсыз аракеттери тууралуу ачык-айкын жарыялансын!
2. Кыргызстанда мыйзамсыз жашап жүргөн чет өлкөлүк жарандар 30 күндүн ичинде өлкөдөн чыгып кетсин!
3. Чет өлкөлүктөрдүн соңку 10 жыл ичинде алган Кыргызстандын жарандыгынын мыйзамдуулугун тактоо максатында коомдук уюмдардан, жарандык активисттерден жана мамлекеттик органдардан турган атайын комиссия түзүлсүн!
Элчиликтин тегерек-четинде милиция кызматкерлери туруп, коомдук тартипти көзөмөлдөп жатты. Тынчтык митинги эки саатка уланды.
Президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында Кытайдагы этникалык кыргыздардын маселесин чечүүгө дипломатиянын эң жогорку мамилеси керектигин белгилеген.