Жээнбеков: Бабанов боюнча эч кандай сүйлөшүү болгон эмес!

Президент ачылган иш аягына чейин чыгарылышы керектигин белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы депутат Өмүрбек Бабановго карата козголгон кылмыш ишин жабуу боюнча эч кандай эки тараптуу, үч тараптуу сүйлөшүү болбогонун жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Сооронбай Жээнбековдун маалымат жыйындагы сөзү
10-декабрда экс-президент Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалына берген маегинде Бабанов улуттар аралык кастыкты козутпаганын жана Он-Адыр айылында айткан сөздөрү боюнча ага козголгон ишти токтотуу керек деген пикирин президент Сооронбай Жээнбековго айтканын билдирген. Буга мамлекет башчысы макул болгонун кошумчалаган. Ал эми депутат Руслан Казакбаев бул маселе боюнча үч тараптуу сүйлөшүү болгонун айткан

Мамлекет башчы Өмүрбек Бабановду акыркы жолу президенттик шайлоо учурунда КТРКдагы дебаттан көргөнүн билдирди. 

"Экс-президент экөө эмнени сүйлөшкөнү тууралуу маалыматым жок. Мен президенттик шайлоого аттанып жатканда эч кандай сүйлөшүү болгон эмес. Менин артымдан кандай сүйлөшүүлөр болгону менин эмес, ошол сүйлөшкөндөрдүн проблемасы! Саткын атка кондурушту. Мен бир адамдын кызыкчылыгын коргойм деп сөз берген эмесмин. Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын саткандан Кудай сактасын", — деди Жээнбеков.

Ал ошондой эле ачылган иш аягына чейин чыгарылышы керектигин белгиледи.

"Биз укуктук мамлекетпиз, министр, президент ар бир ишти ачып, жаба берсе эмне болот? Бизде мыйзам иштеши керек. Президент менен дыйкандын укугу бирдей болушу шарт. Ишти ачтыңбы, аягына чыгар, козгобой турган иш болсо ачпа", — деди президент.

Мамлекет башчынын маалымат жыйынынын тексттик трансляциясын Sputnik агенттигинен окуңуздар.