19 жашында жайраган Бурулайдын окуясы кандай болгон. Видеохронология

Кыргызстанда ала качууга дуушар болуп, бирок милициянын бөлүмүндө бычакталып көз жумган 19 жаштагы Бурулай Турдали кызы боюнча сот жараяны аяктады. Кызды өлтүрдү деп шектелип жаткан Марс Бөдөшев 20 жылга кесилди. 5-сентябрда башталган процесс 11-декабрда соңуна чыкты.
Sputnik

Эске салсак, 2018-жылы 28-майга караган түндө Кыргызстанда төбө чачты тик тургузган окуя болгон. Ошол түндө 30 жаштагы киши Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө ала качып алган кызын бычактап, кийин өзүнө да кол салган. Бурулай алган жараатынан улам каза болуп, эркек киши ооруканага түшкөн.

20-июнь күнү шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилген.

Кашкар Жунушалиев Бурулайдын атасы жолугуудан баш тарткан деди. Чынбы?
Бул окуя өлкөдө чоң резонанс жаратып, 2018-жылдын 4-июнунда президент: "Күнөөлүү адамдардын бардыгы жазаланып, кызматтан айдалгандан тарта кылмыш жоопкерчилигине чейин тартылышын талап кылам", — деген.

Ушул эле күнү Чүй облустук, райондук ички иштер башкармалыгы менен бөлүмдүн жетекчилери жана тиешелүү деген бир катар кызматкерлер ишинен кетсе, бир даары сөгүш алган

Анткен менен Бурулайдын атасы Турдали Кожоналиев Бурулайдын өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына макул болгон эмес

"Чындык издеп чарчадым. Сүрөттө "н", "+" деген жазуулар даана көрүнүп турбайбы же аны мен өзүм тартып койдумбу? Үтүктүн изи кантип эле ушундай болсун. Ошол күнү милиция бөлүмүндөгү видеокамерадагы видеолор дагы жок, өчүп калыптыр. Кантип эле? Экспертизанын жыйынтыгына "макул эмесмин" деп кол коюп бердим. Акыйкат жок. Кайда, кимге кайрыларымды билбей калдым", — деди Кожоналиев. 

Качанкыга чейин мансаптуулар бизди басмырлайт деп маек берген

"Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен жарым-жартылай макул болгон жокпуз. Себеби алар денесине кескиленип жазылган жазууну сол көкүрөгүндө жандандыруу учурунда колдонулган дефибриллятордун изи деп жатышат. Бирок бизде сүрөт бар", — деген жабырлануучу тараптын жактоочусу Рамазанова. 

Бул окуя боюнча Бириккен Улуттар Уюму тынсыздангандыгын билдирсе, "Аялдарды колдоо борборунун" демилгеси менен Бурулай окуган медициналык колледждин жатаканасынын дубалына кыздын чоң сүрөтү тартылды

Сүрөтү калды тартылып... Жатакананын дубалындагы Бурулайдын элеси. Видео
Сот жараяны 5-сентябрда башталып, төрт айга созулду. Алардын биринде, 23-октябрдагы сот отурумунда мушташ чыгып кетти. 11-декабрда Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Бурулай Турдали кызын ала качып милиция бөлүмүнөн өлтүрдү деп шектелип жаткан Марс Бөдөшевдин мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарды. Анда кылмышкер жазасын күчөтүлгөн тартипте өтөй турганы айтылды. Аны менен кошо кылмышка катыштыгы бар деп айыпталган Акмат Сейитов 7 жылга кесилди.

Бурулайдын атасы Турдали Кожоналиев кызын өлтүргөн кишинин жыйырма жылга эркинен ажыратылышы аз мөөнөт экендигин айтты.

"Мен Марс Бөдөшев өмүр бою эркинен ажыратылсын деп сурагам. Аны кечирбейм. Өлтүргөндө да кызымды жөн өлтүргөн эмес. Жыйырма жыл мындай эле өтүп кетет, ал деле чыгат. Ал эми кетменделген кызым келбейт да", — деди Кожоналиев.

Ал ошондой эле тартип коргоо органдарынын жоопкерчилигин караган сот отуруму башталгандыгын кошумчалады.

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева бул трагедия Кыргызстан үчүн чоң сабак болушу керектигин айтты.

"Бурулайдын окуясы кыргызстандыктарга сабак болуп, ала качууга чекит коет деген үмүт бар. Себеби ала качуу дегенде статистиканы гана карап, ал эми анын артындагы тагдырларды элестете алчу эмеспиз. Жаш келин муунуп өлүп алды деген маалымат уксак да, жаш үй-бүлө бузулса да аны ала качуудан болду деп шек саначу эмеспиз. Мунун ордуна башка факторлордон көрө берчүбүз. Бурулайдын трагедиясы — бул көрүнүш кандай каргашалуу жана коркунучтуу кылмыш экендигин даана көрсөттү. Бурулайдын өлүмү боюнча чыккан соттун чечими адилеттүү болду  деп ойлойм. Негизгиси, мындай каргашалуу окуя эч качан кайталанбасын", — деди Касымалиева. 

Кыз ала качкандар эми кантип жазаланат? ИИМ жаңы мыйзам долбоорун сунуштады
Акыйкатчы институтунан жабырлануучуларды коргоого милдеттүү мамлекеттик орган Бурулайдын коопсуздугун камсыз кыла албаганын айтышты. 

"Адам укуктарынын жалпы декларациясына ылайык, ар бир аял түгɵйүн тандоо эркиндигине ээ жана ɵз эрки менен никеге турууга укуктуу. 

Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, бир дагы нике баш кошуп жаткан жарандардын экɵɵнүн тең бирдей ыктыярдуулугу зарыл жана биринин да макулдугусуз болбошу керек.

Жакында болуп өткөн Бурулайдын кайгылуу окуясы кыз ала качуу көйгөйү менен күрөшкөн  биздин мамлекеттик механизмибиздин бул маселеге олуттуу карабагандыгын дагы бир жолу кɵрсɵттү. Тилекке каршы, бизге белгилүү болгондой, окуя кайгылуу аяктады – жабырлануучуларды коргоого милдеттүү мамлекеттик орган Бурулайдын коопсуздугун камсыз кыла алган жок", — деп айтышты Акыйкатчы институтунан.

Ал эми кыздын коопсуздугун коргой албаган тартип коргоо органдары боюнча сот жараяны жакынкы күндөрү кайрадан уланмакчы.