БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Россияда мигранттарга энелик капитал берүү демилгеси көтөрүлдү. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан жазды.
Мыйзам долбоорду Россиянын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги сунуштаган. Ага ылайык, энелик капиталды Россияга балдары менен келип жарандык алган мигранттар ала алат.
Мындан сырткары, энелик капиталды Россиянын жарандыгын алган чет өлкөлүктөргө, бала багып алгандарга да берүү сунушталууда.
Бул мыйзам долбоор өкмөткө ноябрдын аягында берилген.