КТРКда 57 миллион сомдук зыян келтирилгени аныкталды

Телеканал эфир убактыларын колдонуу боюнча келишимдерде бааларды төмөндөтүп көрсөтүп, ишкананын чыгымдарды жабылбай калган.
Sputnik

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Аудиторлор Коомдук телерадиоберүү корпорациясын (КТРК) текшерип чыгып, 2016-2017-жылдарга карата 57 миллион сомдук зыян келтирилгенин аныкташты. Бул тууралуу отчет КР Эсеп палатасынын расмий сайтына жарыяланды. 

Андагы айтылганга караганда, телеканал эфир убактыларын колдонуу боюнча келишимдерде бааларды төмөндөтүп көрсөтүп, ишкананын чыгымдарды жабылбай калган. 

Мисалы, британиялык BBC корпорациясынан мамлекеттик бюджетке 1,568 миллион сом түшпөй калган. 

КТРКнын айдоочулары эмнеге иш таштады? Илим Карыпбековдун түшүндүрмөсү
"Тамашоу" берүүсү көркөм кеңеш менен макулдашылбай туруп эфирге чыгып кеткени дагы айтылды. Мунун айынан корпорация эсебине 1,394 миллион сом түшкөн эмес. 

Ошондой эле отчетто себепсиз эле шоу-концерттерге бекер убакыт берилгендиктен канал 13,852 миллион сомдук чыгым тартканы айтылган. 

Бартердик негизде эфир убактысы берилгендиктен, 24,318 миллион сом чыгымга учураган. Ал эми автордук акы үчүн 4,811 миллион сом ашыкча төлөп салышкан. 

Мындан тышкары, көчмө студия алууда тендер шарттары бузулуп, банктык жана камсыздандыруу документтери туура эмес даярдалганы белгилүү болду.