Радио

Чаргынов: Түштүк Кореяда беш миң, Кыргызстанда он археолог бар

Кыргыз улуттук университетинин доценти, археолог Темирлан Чаргынов республикадагы он археологдун бешөөнүн гана илимий даражасы бар экендигин айтты.
Sputnik
Чаргынов: Түштүк Кореяда беш миң, Кыргызстанда он археолог бар

Союз урагандан кийин археология, тарых илимдери гана эмес, социалдык тармак толугу менен кризиске кептелди. Эми аны кейиштүү абалдан чыгаруу мезгилдин талабы болуп турат. Бул тууралуу Темирлан Чаргынов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, тарых, археология илимдерине жеткиликтүү көңүл бурулбаса, көптөгөн тарыхый баалуулуктарыбыздан ажырап калышыбыз мүмкүн.

"Өткөндө Түштүк Кореядан окумуштуулар келди. Аларда 50 миллиондон ашыгыраак калкына алты миңге жакын археолог бар экен. Бизде болсо болгону он адис, анын арасында бешөөнүн гана илимий даражасы бар. Археолог болгусу келген жаштар көп, аларга адистик билим бере албай жатабыз. Ошол эле билим берүүдөгү система тоскоол болууда. Мисалы, тарых факультетин аяктаган студент "тарых мугалими" деген адистикке ээ болуп чыгат. Тактап айтканда, ага археологиялык эч кандай билим берилбейт. Анан кантип жаш кадрлар пайда болмок эле?" — деди Чаргынов.

Археолог маселесин чечүүдө ЖОЖдор менен тиешелүү министрлик тыгыз иш алып барышы керектигин кошумчалады.