Бишкекте эки унаа кагышып бир адам жабыркады. Сүрөт

Кырсык Фрунзе менен Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Бишкекте Ford жана Ravon Nexia R3 үлгүсүндөгү унаалар кагышканын Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирип, окуядан кийин тартылган сүрөт жиберди.

ДТП на пересечении улиц Фрунзе и Калыка Акиева

Анын айтымына караганда, эки унаа 23-ноябрь күнү саат 18.20лар чамасында Фрунзе менен Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде кагышкан.

Бишкек ЖКККББдан маалымдашкандай, кырсыктан Ravon Nexia R3 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жабыркап, ооруканага жеткирилди. Топтолгон материалдар тергөө бөлүмүнө берилет.