Бишкекте Бурулайдын портрети жатакананын дубалына тартылды

Бурулай медициналык колледжде билим алып келген. Ал болгону 19 жашта эле.
Sputnik

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Бишкекте Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө бычакталган 19 жаштагы Бурулай Турдали кызынын портрети пайда болду.

Портрет Логвиненко көчөсүндө жайгашкан Бишкек медициналык колледжинин жатаканасынын дубалына тартылды. Эмгектин автору — Сергей Келлер менен DOXA Art-group чыгармачылык тобу. 

Портрет Бурулай Турдалы Кызы на фасаде общежития Бишкекского медицинского колледжа по улице Логвиненко

Маалыматка караганда, портретти тартууга беш күн кеткен. Медициналык колледждин жетекчилиги уруксат берсе, "Аялдарды колдоо борбору" демилгелеген.

"Биздин оюбузча, бул кыздын трагедиялуу окуясын элдин баары билет… Эмгек коомчулуктун көңүлүн гендердик зомбулук көйгөйүнө буруу үчүн жасалды", — деди Келлер.

Портрет Бурулай Турдалы Кызы на фасаде общежития Бишкекского медицинского колледжа по улице Логвиненко
Ал ошондой эле портрет адамдардын укугу боюнча жалпы улуттук иш-чараларга старт бергенин кошумчалады.

Бурулайдын өлүмү боюнча сот отурумунда мушташ чыкты. Видео
Эске салсак, 2018-жылы 28-майдын түнүндө 30 жаштагы киши Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө ала качып алган кызын бычактап, кийин өзүнө да кол салган. Кыз алган жараатынан улам каза болуп, эркек киши ооруканага түшкөн.

Окуядан кийин Чүй милициясынын жетекчиси жумуштан айдалып, укук коргоо органдарынын башка кызматкерлерине дисциплинардык чара көрүлгөн