ЖМК: Хашукжинин өлүмүнөн кийин Эр-Риядда мураскер ханзада алмашышы мүмкүн

Үй-бүлө мүчөлөрү королдун өлүмүнөн кийин анын ордуна 76 жаштагы инисин ылайык көрүп жаткандыгы кабарланган.
Sputnik

БИШКЕК, 20-ноя. – Sputnik. Сауд Аравиянын королдук үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү Жамал Хашукжинин өлүмү боюнча дүйнө коомчулугунун нааразылыгынан кийин мураскор ханзаада Мухаммед бен Салман Аль Саудду тактыга жолотпоо ниетинде. Бул туурасында РИА Новости Рейтер агенттигине шилтеме кылып кабарлады.

Мураскер боюнча кабарды аталган агенттикке королдук үй-бүлөгө жакын үч маалымат булагы билдирген.

Алардын айткандарына караганда, королдук бүлөнүн мүчөлөрү тактыга татыктуу башка "ондогон ханзадалар" бар экендигинин четин чыгарган. Анткен менен 82 жаштагы король Салман бен Абдель Азиз Аль Сауддун көзү тирүү турганда бир чечим кабыл алынбай турганын да кошумчалашкан. Ичи чыкпаган туугандары падыша өзүнүн "сүйүктүү уулуна" каршы барбайт деп да күмөн санап жатышканы айтылган.

Үй-бүлө мүчөлөрү королдун өлүмүнөн кийин анын ордуна 76 жаштагы инисин ылайык көрүп жаткандыгы кабарланган. Маалымат булактарынын айтымында, Ахмад ханзааданы батыш державалары да колдоп турат.

Агенттик эки апта мурда АКШдагы жогорку даражалуу адамдар Сауд Аравиясынын кеңешчисине Ахмед ибн Абдуланын тактыга келишин колдой тургандыктарын айткандыгын жазган.

ЖМК: араб журналистинин сөөгү Түркиядагы элчиликтин кудугунан табылды
Буга чейин Washington Post басылмасы ЦРУга шилтеме кылып, Сауд Аравиянын мураскор ханзадасы Мухаммед бен Салман Аль Сауд оппозициялык журналист Жамал Хашукжини өлтүрүүгө буйрук бериши мүмкүндүгүн жазган.

Гезиттин маалыматына караганда, атайын кызматтар бир катар маалымат булактарын, анын ичинен журналисттин АКШдагы королдуктун элчилигине, мураскер ханзаданын бир тууганына телефон чалууларын иликтеп жогорудагыдай тыянакка келген.

Американын Washington Post гезитинде баяндамачы болуп иштеген сауд аравиялык журналист Хашукжи 2-октябрда жоголуп кеткени кабарланган. Ал Сауд Аравиянын Стамбул шаарында жайгашкан консулдугуна кирип, ошол бойдон чыккан эмес.

Ал эми 20-октябрь күнү Сауд Аравиянын Башкы прокуратурасы журналист Хашукжинин өлгөнүн ырастап, анын өлүмүнө Стамбулдагы консулдукта иштегендер менен болгон пикир келишпестиги себеп болгонун билдирген. Алар Хашукжи атайылап өлтүрүлгөндүгүн жана консулдуктун ичинде алгач муунтулуп, андан соң денеси жиликтелгендигин билдирген.

Хашукжи 2017-жылдан тарта АКШда жашап келген.