БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Тажикстанда Рогун ГЭСи ишке берилди. Анын ачылыш аземине өлкө президенти Эмомали Рахмон катышты. Бул туурасында Sputnik Тажикстан маалымат агенттиги жазды.
Рахмон майрамдын шарапаты менен Рогун гидроэлектр станциясы менен өлкөнүн башкы энергетикалык системасын бириктирип турган ЛЭП 500-кВ "Душанбе-Оби гарм" жана электр энергиясын аймактарга бөлүштүрө турчу КРУЭ-500дү эксплуатацияга берди.
Андан соң президент Рогундун символикалуу баскычын басып, объекттин иштешине буйрук берген.
Рогунду куруу иштери совет убагында, тагыраагы, 1976-жылдары эле башталган. Долбоордун маалыматы боюнча, гидроэлектр станциянын платинасы дүйнөдө эң бийик болуп саналмакчы.
Маалыматта өлкө башчы Рогун ГЭСинин кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырганы айтылат.