Жаңы конушта жашагандар эмне үчүн балага жөлөк пул албайт? Министрдин жообу

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 18 жашка чейинки ар бир баласына 810 сомдон жөлөк пул төлөнүп келет.
Sputnik

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Бишкектин тегерегиндеги жаңы конушта жашап, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр эмне себептен балага жөлөк пул ала албай жатканына Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров түшүндүрмө берди. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

Электрондук кезек менен бакчага кирген бөбөктөр. Кезекке туруунун жолу
Министр буга чейин жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөр боюнча иликтөөлөрдү жүргүзгөн бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолуккан. Алар Бишкекте аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 88 пайызы мамлекеттен жардам ала албай жатканын айтышкан.

Абалды жеринен көрүү үчүн министр Алтын-Казык, Мурас-Ордо, Келечек жана Арча-Бешик конуштарына барган.

"Чындап эле бул конуштарда муктаж үй-бүлөлөр балдарына жөлөк пул ала алышпайт экен. Негизги себеби — конуштар Бишкектин бир дагы районуна кирбегени. Буларга жардам берүү үчүн алгач жаңы конуштардын макамын аныктап, документ жүзүндө кайсы бир районго кошуу керек. Ошондо гана тургундар жөлөк пулдун бардык түрлөрү боюнча ошол райондун социалдык коргоо бөлүмдөрүнө кайрыла алат", — деди Кочкоров.

Учурда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 18 жашка чейинки ар бир баласына 810 сомдон жөлөк пул төлөнүп келет.