Акчасы бар окуучулар музыкалык аспаптарды өздөрү сатып алып жатат. Бул тууралуу Динара Алсеитова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, музыкалык аспаптын колдонуу мөөнөтү 45-50 жылды түзөт.
"Музыкалык окуу жайлардагы аспаптардын эскилиги жеткендиктен, айрым колунда бар студенттер өздөрү сатып алып жатат. Алардын баасы да кымбат. Негизи музыкалык аспаптардын колдонуу мөөнөтү 45-50 жылды түзөт. Ал эми биздин окуу жайда 45-50 жылдан ашкан аспаптарды колдонуудабыз. Бул боюнча өкмөткө билдирүү жиберип турабыз, бирок эч кандай жыйынтык боло элек", — деди Алсеитова.
Ал маданият тармагындагы жарандарга да мамлекет тарабынан жакшы көңүл бурулбай келерин кошумчалады.