БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Чүй облусунун Москва районунун соту Мардес Феликс мыйзам алдында жооп берүү үчүн кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү буйрукка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Кыргызстандын соттор кеңешинин дисциплинардык комиссиясы кызматтан алынган сотту кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Башкы прокуратурага макулдук берди. Сот кайсы берене боюнча айыпталып жатканы такталган эмес.
Дисциплинардык комиссиянын жыйыны 27-октябрда болгон.
Буга чейин Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун төрайымы Элвира Жаркееваны кызматтан алып, ага экинчи кылмыш иши козголгон.