БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Бишкектеги 7-кичи райондун тургундары 12 кабаттуу үйдүн курулушуна каршы болууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Сымбат Каниметова билдирди.
Анын айтымында, курулуп жаткан имараттын жанында ДСК, мектеп жана угуусу начар балдар үчүн бакча бар.
"Бул балдар үчүн коркунуч туудурат. Мисалы жүк ташыган автоунаалар мектептин аянтынан бурулуп жатат. Ал жакта балдар дене тарбия менен машыгат", — деди ал.
Ошондой эле курулуп жаткан имарат №26 үйгө өтө жакын турат.
Анын айтымында, тургундар курулушка 2016-жылдан бери эле каршы болуп келе жатат. Үйлөрдүн биринин дубалына президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу илинди. Каниметова жергиликтүү тургундар мындан ары да каршылыгын билдире берерин айтып, керек болсо кире беришин тосуп алганга чейин барышарын кошумчалады.