БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги көк бөрү боюнча өлкө чемпионатынын биринчи күнүнүн жыйынтыгын жарыялады.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун командасы Бишкекти 10:3, Ош облусу Жалал-Абаддан барган улакчыларды 4:1, Таластын оюнчулары Баткен облусунун командасын 16:1 эсеби менен жеңип алды.
Бүгүн жеңилген командалар эртең оюнга чыга элек тайпалар менен кармашат.
30-октябрда оюн таласына чыга турчу командалардын убактысы:
10.00–11.30 — Бишкек менен Ош шаарлары;
11.30–13.00 — Жалал-Абад менен Нарын облустары;
13.00–14.40 — Баткен менен Ысык-Көл облустары.
Кыргызстандын чемпионаты быйыл залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата өтүп жатат. Мындан сырткары, жамбы атуу, ат чабыш, кыз куумай, жорго салыш оюндары боюнча мелдеш уюштурулат.