БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Мэрия Эркиндик проспектисиндеги батуттардын ордуна бак-дарак отургузду.
Чүй проспектисинен Бөкөнбаев көчөсүнө чейин 10 бадал жана чынар, эмен бактарынын 90 түрү тигилди. Жаңы отургузулган бак-дарактар төрт жылдан кийин гана шаардагы көмүр кычкыл газды өзүнө алып, кычкылтек бөлүп чыгара баштайт.
"Үйлөтүлгөн аттракциондор жаратылышты да, топуракты да бузуп жатат. Анын үстүнө бул боюнча шаардыктардан арыздануулар түштү. Батуттарды иштеткен кожоюндарынын шаардын жерин коммерциялык негизде пайдаланууга документтери жок болуп чыкты", — деп жазылат маалыматта.
Учурда бульварды жашылдандыруу уланып жатат. Мэрия Тоголок Молдо көчөсүндөгү гүлбакчадагы батуттардын ордуна да көчөттөр отургузула турганын кошумчалады.