Түрк дүйнөсү тууралуу китеп чыкты

Китепте түрк цивилизациясынын тарыхый процесси жана негизги баалуулуктары, тарыхы, маданияты, саясат жана дипломатиясы чагылдырылган.
Sputnik

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Азербайжанда жазуучу Жаваншир Фейзиевдин "Түрк дүйнөсү" аттуу беш томдук китеби жарык көрдү.

Анда түрк дүйнөсүнүн бөлүнүү жана биригүү өзгөчөлүктөрү чагылдырылган.

Китепте түрк цивилизациясынын тарыхый процесси жана негизги баалуулуктары, тарыхы, маданияты, саясат жана дипломатиясы чагылдырылган.

Кыргыздар 300 жылга карый түштүбү? Шамандын айтканы окуу китебине кирген
Ошондой эле китептен түрк этногеографиясы, байыркы түрк улуттары жана уруулары, заманбап түрк элдери тууралуу маалыматтар камтылып, бүгүнкү күндөгү көз карандысыз түрк тилдүү республикалар жана алардын карым-катнашы, башка мамлекеттердин ичиндеги автономдуу түрк республикалары жөнүндө жазылган.

Эске сала кетсек, жазуучунун 2013-жылы басмадан чыккан "Түрк мамлекеттеринин биримдиги; глобалдык интеграциянын Евразия модели" аттуу китеби түрк, казак, кыргыз, орус жана босня тилдерине которулган.

Фейзиев — Азербайжандын улуттук парламентинин мүчөсү, философия илимдеринин доктору.