Апта ирмеми: купальникчен сулуулардан жаагын тешкен таиланддыктарга чейин

Sputnik

Учурда "Жер сулуусу — 2018" сынагы өтүп жатат. Башкы титул үчүн 90 өлкөнүн сулуулары ат салышууда.

Туристтер үчүн эң кооптуу маршруттар. Жүрөк титиреткен сүрөттөр
АКШнын түштүк чыгышында болгон "Майкл" бороону Американын жети штатындагы 1,3 миллион адамды жарыксыз, жылуулуксуз калтырды.

Найробиде Түштүк Судандагы аскерий конфликтиге каршы акция өттү.

Бейшемби күнү заманбап Россиянын тарыхында биринчи жолу ракета ташуучу "Союз-Фг" аварияга учурады. Ал "Союз МС-10" космостук кемени экипажы менен орбитага алып чыга албай койгон.

Франциядагы Корсика жээгинде Тунис менен Кипрдин кемелери кагышты.

Испаниядагы Майорка аралында катуу жааган жаандан улам тогуз адам каза таап, 12 киши дайынсыз жоголду.

1 / 17
"Жер сулуусу — 2018" сынагынын катышуучулары бассейнде фотосессия жасашты. Башкы титул үчүн 90 өлкөнүн бийкечтери ат салышууда.
2 / 17
Бишкектеги сейил бактардын биринде эс алып жүргөндөр
3 / 17
Балыкчыда өткөн ЖККУнун Ыкчам аракет көрүүчү жамааттык күчүнүн машыгуулары 1-октябрда башталып, 2-ноябрда аяктайт
4 / 17
Атлантика тюлени деңиз жээгинде жатат (Улуу Британия)
5 / 17
АКШнын түштүк чыгышында болгон "Майкл" бороону Американын жети штатындагы 1,3 миллион адамды жарыксыз, жылуулуксуз калтырды
6 / 17
Найробиде Түштүк Судандагы аскерий конфликтиге каршы акция өттү
7 / 17
Россиянын президенти Владимир Путин "Рассвет" аттуу айыл чарба ишканасынын аймагына тик учак менен бара жаткан учуру
8 / 17
Лос-Анджелесте American Music Awards аземинде кантри-поп аткаруучу, актриса Тейлор Свифт талантын тартуулады
9 / 17
Швейцариянын ВВС Super Puma Cougar тик учактары
10 / 17
Бейшемби күнү заманбап Россиянын тарыхында биринчи жолу ракета ташуучу "Союз-Фг" аварияга учурады. Ал "Союз МС-10" космостук кемени экипажы менен орбитага алып чыга албай койгон.
11 / 17
Жаныбарларды коргоо боюнча дүйнөлүк күнгө карата бийчиге окшоп кийиндирилген чихуахуа күчүгү. Манила (Филиппин) шаарындагы "Кесон-Сити" соода борбору.
12 / 17
Франциядагы Корсика жээгинде Тунис менен Кипрдин кемелери кагышты
13 / 17
Европа кубогундагы БК УНИКС (Россия, Казань) жана БК "Ритас" (Литва, Вильнюс) командаларын колдогон чирлидер кыздар
14 / 17
Таиланддын түштүк провинциясында — Пхукетте Вегетариандардын фестивалы өттү. Бул иш-чара дүйнөгө өзгөчө ырым-жырымдары менен таанымал. Мисалы, эркектер менен аялдар беттерин бычак сыяктуу учтуу буюмдар менен тешет. Таиланддын жашоочулары мындай кыйноого катышкан адамдар тазаланат деп ишенет.
15 / 17
БУУнун АКШдагы өкүлү Никки Хейли менен президент Дональд Трамп Вашингтондо жолугушту
16 / 17
Испаниянын Майорка аралында катуу жаан жаап сел жүрдү. Анын кесепетинен 12ден ашык адам дайынсыз болууда
17 / 17
Аргентинанын пляж гандболу боюнча командасы Буэнос-Айресте өтүп жаткан Жаштар олимпиадасынын оюндарына даярдык көрүүдө