Бишкекте Toyota Camry коюп кеткен киши жеринде мерт болду

Жол кырсыгы бүгүн саат 21.20 чамаларында Байтик Баатыр жана Камск көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Бишкекте Toyota Camry унаасы эркек кишини коюп кетип жеринде мүрт кетти. Бул тууралуу күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине кабарлады. 

1 / 3
Бишкекте Toyota Camry унаасы эркек кишини коюп кетип жеринде мүрт кетти
2 / 3
жол кырсыгы бүгүн, 15-октябрда саат 21.20 чамаларында Байтик Баатыр жана Камск көчөлөрүнүн кесилишинде болгон
3 / 3
Тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүп жатат.

Анын айтымында, жол кырсыгы бүгүн, 15-октябрда саат 21.20 чамаларында Байтик Баатыр жана Камск көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. 

"Ал киши жолдун туура эмес жеринен өтүп баратканда коюп кетти. Айдоочу окуя болгон жерден кеткен эмес", — деди күбө. 

Бишкек ШИИБдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кырсык катталганын тастыктады. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүп жатат.