БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Африка боюнча болгон турненин алкагында Кенияга барган Меланья Трамп соцтармактын сынына кабылды. Ага биринчи айымдын африка өлкөлөрү үчүн орунсуз болгон колонизатордун костюмун кийип алганы себеп болгонун РИА Новости жазып чыкты.
Сапарынын алкагында Меланья Трамм Дэвид Шелдриктин жапайы жаратылышты коргоо фондусу менен балдар үйүнө барган.
Африка тарыхы боюнча профессор Мэтт Каротенуте өткөн чак өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеген.
"Бул пахта өстүргөн афроамерикалыктардын жыйынына Конфедерация жоокеринин кийимин кийип келгенге барабар. Тарыхтын мааниси чоң", — деп жазды ал.
Ал эми франциялык журналист Ксавье Ивон Трампты "Тинтиндин окуялары" аттуу комикстердин каармананы салыштырган.
Буга чейин Меланьянын бакчада иштегенине да нааразы болуп, аны өзүнө чейинки биринчи айым Мишель Обама менен салыштыргандар чыккан.