Өрт учурунда 101, 112 номерлерине же милиция кызматкерлерине чалуу зарыл. Бул тууралуу Урмат Сариев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, тилсиз жоону убагында өчүрүү адамдардын канчалык тез маалымат бергендигинен көз каранды.
"Өрт чыкканда адам коркуп кетпеши керек. Бул биринчи эреже. Эгер түтүн көп болсо оозу, мурдун жаап дароо жалын жок жерге чыгууга шашылсын. Андан кийин 101, 112 кыска номерлерине телефон чалып, алгач кырсык болгон жердин дарегин, анан гана аты-жөнүн айтуусу зарыл. Ошондой эле баалуу буюм же документтери калып калса, аларды алып чыгууга аракет кылбай эле койгону дурус. Анткени адам өмүрү баарынан кымбат", — деди Сариев.
Ал көпчүлүк өрт кырсыктарына адамдардын электр жабдыктарына жасаган кош көңүл мамилеси себепкер экенин кошумчалады.