Ошол эле учурда кыргыз, өзбек мектептеринде бир класста 15-20 гана окуучу бар экенин билдирди.
"Араван районунда Навои атындагы жалгыз орус мектеп бар. Ал жакка райондун бардык айыл өкмөттөрүнөн окуучулар келип окушат. Бул мектепке 50-жылдардан бери бир да кошумча корпус курулган эмес. Бүгүнкү күндө ар бир класста 45-50гө чейин окуучу окуп жатат", — деди депутат.
Андыктан аталган мектепке кошумча корпус куруу боюнча 2019-жылдын бюджетине киргизип, капиталдык курулуш агенттиги менен билим берүү министрлигине тапшырма берүү керектигин белгиледи.
"Балдар көп экенин министр барганда дагы көргөн. Бир партада үчтөн окуучу отурат. Ошол эле учурда кыргыз, өзбек мектептерде бир класста 15-20дан бала окуп жатат", — деди Гайпкулов.
Депутат бул көйгөйдү тез аранын ичинде чечүү керектигин өкмөттөн суранды.