Түркияга туристтик сезондун чок ортосунда кар жаап салды. Видео

Бул жерде жайдын күнү абанын табы +7 градуска түшүп кеткен.
Sputnik

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Туристтик сезондун чок ортосунда Түркиянын түндүк-чыгышында орун алган Карс провинциясына кар түштү. Бул тууралуу Merkez TV каналы жарыялады. 

Синоптиктердин айтымында, аба ырайындагы мындай чукул бурулушка жаан жаап жаткан кезде абанын өтө муздап кетиши себеп болгон.

Мындан улам эл оозуна алынган курортторго алып барчу жолдор жабылып калды. Метеорология кызматынан билдиришкендей, абанын температурасы аз убакыт ичинде +7 градуска түшүп калган.