Россияда өткөн усталар сынагында кыргызстандык чебер элди таң калтырды. Сүрөт

Бул фестивалга Кыргызстан биринчи жолу катышып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Россиянын Томск шаарында жыл сайын өтүүчү "Балта майрамы" фестиваль-конкурсуна быйыл Кыргызстан биринчи жолу катышты. Баш-аягы 35 мемлекеттен барган 240 жыгач устанын арасында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунан барган Урмат Советкелдиев да болуп, конкурста тогуз корголдун тактасын жасады.

1 / 5
Россиянын Томск шаарында жыл сайын өтүүчү "Балта майрамы" фестиваль-конкурсуна быйыл Кыргызстан биринчи жолу катышты
2 / 5
Баш-аягы 35 мемлекеттен барган 240 жыгач устанын арасында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунан барган Урмат Советкелдиев да болуп, конкурста тогуз корголдун тактасын жасады
3 / 5
Советкелдиев фестивалга абдан таланттуулар келгенин белгилеп, өтө сонун эмгектерди көргөнүн айтып, келерки жылы да келе турганын белгиледи
4 / 5
Уюштуруучулар фестивалга катышуучулар жылдан жылга көбөйүп жатканын жана быйыл былтыркыга салыштырмалуу бир жарым эсе көп катышуучу келгенин билдиришти
5 / 5
Ал эми усталардын эмгегин көрүү үчүн 150 миңдей киши келген.

"Мен буга чейин да эл аралык конкурстарга катышып келгем. Новосибирск шаарында өткөн Сибирь кар скульптуралар фестивалына катышып, 2017-жылы 3-орун, 2018-жылы 2-орунду алгам. Ошол жерден бул конкурс боюнча кокусунан эле билип калдым. Маалымат алган сүрөттү карасам, Кыргызстандын желеги жок экен. Ошондо бул иш-чарага катышууну пландагам", — деди ал.

Өнөрлүү өлбөйт! Көз майын коротуп, бисер тизип, ырахат алган уз
Советкелдиев фестивалга абдан таланттуулар келгенин белгилеп, өтө сонун эмгектерди көргөнүн айтып, келерки жылы да келе турганын белгиледи.

Уюштуруучулар фестивалга катышуучулар жылдан жылга көбөйүп жатканын жана быйыл былтыркыга салыштырмалуу бир жарым эсе көп катышуучу келгенин билдиришти. Ал эми усталардын эмгегин көрүү үчүн 150 миңдей киши келген.