Радио

Жунусов: жарандардын лира менен түзүлгөн келишимин буза албайбыз

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов Кыргызстандан Түркияга барган мигранттар алты айлык, бир жылдык келишим менен бара турганын айтты.
Sputnik
Жунусов: жарандардын лира менен түзүлгөн келишимин буза албайбыз

Түркияда иштеп жаткан жарандардын лира менен түзүлгөн келишимин буза албайбыз. Бул тууралуу Ибрагим Жунусов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, көпчүлүк мигранттар айлыгын лира менен алат.

"Кыргызстандан келген мигранттар Түркияга алты айлык, бир жылдык келишим менен келген. Ал жерде айлык маянасы түрк лирасы менен төлөнөт деп көрсөтүлүп, ошол акчага ыраазы болгону үчүн кол коюшкан. Жада калса, аларга жумуш бергендер учак билетин да алып берген. Келишимде мунун баары каралган. Эгер документте маяна доллар менен төлөнөт деп көрсөтүлсө мындай көйгөй жаралбайт эле. Биз дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, колубуздан келген аракетти жасап жатабыз. Маселе оң жагына чечилер-чечилбесин мезгил көрсөтөт", — деди Жунусов.

Элчи мындан сырткары учурда Түркияда төрт кыргызстандык абакта отурарын кошумчалады.