Радио

Назаралиева: ымыркай үчүн эне сүтүнөн баалуу, пайдалуу тамак жок

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун төрөт бөлүмүнүн жетекчиси Салтанат Назаралиева эненин сүтү эң баалуу, эң ыйык экенин айтты.
Sputnik
Назаралиева: ымыркай үчүн эне сүтүнөн баалуу, пайдалуу тамак жок

Ымыркай үчүн эне сүтүнөн баалуу тамак жок. Ар бир эне баласын 2 жашка чыкканга чейин өз сүтү менен азыктандырышы керек. Мындай пикирди Салтанат Назаралиева Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, болочок энелер төрөтканага келгенге чейин эле балага эмчек берүү эрежелерин билиши шарт.

"Бүгүнкү күндө көз жарчу келиндер төрөткө даярдыгы жок келип, көпчүлүгү балага кантип эмчек берүү керектигин биле беришпейт. Албетте билбегендерге биз көрсөтүп берип, үйрөтөбүз. Ошентсе да болочок энелер кош бойлуу кезинен баштап эле төрөткө даярданып, балага кантип тамак берүү керектигин, чоңойтуп, өстүрүү боюнча маалыматтары болушу зарыл. Совет учурунда ымыркайды үч саат сайын эмизүү керек болсо, ал эми азыркы кезде бөбөк качан сурап, ыйлаганда гана эмчек берилет", — деди ал.

Назаралиева жаш жубайлар төрөткө олуттуу даярданышы керектигин белгилеп өттү.