ЖК төрагасы депутаттардын кол тийбестигин калтырууну өтүндү. Жээнбековдун жообу

Спикердин айтымында, буга чейин сунушталган документте дал ушундай пункт бар болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында сүйлөп жатып Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков сунушталып жаткан стратегиядан депутаттардын кол тийбестиктен ажыратуу пунктун алып салууну өтүндү.

Анын айтымында, иммунитеттен ажыратылган эл өкүлдөрү коррупция сыяктуу мыйзамсыз аракеттерди ачык айта албай калат.

"Биз парламентти күчтөндүрүшүбүз керек. Кол тийбестиги алынган депутаттар чиновниктердин мыйзамсыз иши тууралуу ачык айта албай калат. Эгер зарылдык жаралса жоопкерчиликке тартылсын, бирок кол тийбестик макамы күчүндө калсын", — деди Жумабеков.

Президент Жээнбеков жаңы стратегияда андай пунктун жок экенин белгиледи. Спикер буга чейинки документте депутаттардын кол тийбестигин алуу сунушталганын айтып, ошол себептен тынчсызданып жатканын кошумчалады.