Премьер ЖАМК кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычын тапшырды. Сүрөт

Кызматкерлерге борбор калаада көп кабаттуу эки үй курулган.
Sputnik

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Жаза аткаруу тармагында иштегендер жаңы үйлүү болушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 11-августта Бишкек шаарында курулган көп кабаттуу эки үйдүн батирлеринин ачкычын ЖАМК кызматкерлерине тапшырды. Анда өкмөт башчы аталган түзүмдүн жумушчуларын 15 жылдык мааракеси менен куттуктап, алардын ишиндеги жоопкерчиликти белгиледи.

1 / 6
Жаза аткаруу тармагында иштегендер жаңы үйлүү болушту.
2 / 6
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 11-августта Бишкек шаарында курулган көп кабаттуу эки үйдүн батирлеринин ачкычын ЖАМК кызматкерлерине тапшырды.
3 / 6
Анда өкмөт башчы аталган түзүмдүн жумушчуларын 15 жылдык мааракеси менен куттуктап, алардын ишиндеги жоопкерчиликти белгиледи.
4 / 6
Премьер-министр күч түзүмүндө иштегендердин социалдык маселелерин чечүүдө мамлекет болгон аракетин жасап жаткандыгын кошумчалады.
5 / 6
Андан сырткары, Абылгазиев иш-чарада берилген батирлерди жана жаза аткаруу мекемелеринде жасалган элдик товарларды көрүп чыкты.
6 / 6
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 11-августта Бишкек шаарында курулган көп кабаттуу эки үйдүн батирлеринин ачкычын ЖАМК кызматкерлерине тапшырды.

"Өлкөдө камалгандардын саны жылдан жылга азайганы менен өмүр бою эркинен ажыратылгандар көбөйүп жатат. Дүйнөдө криминалдуу, экстремисттик жана террористтик уюмдардын күч алышы биздин өлкө үчүн дагы абдан актуалдуу. Мындай уюмдарга аралашкандардын саны абакта 2012-жылы 79 адам болсо, өткөн жылы алардын саны 205ке жетти. Бул жазык аткаруу тутумунун алдына жаңы милдеттерди жана жаңы чакырыктарды коюп жатат", — деди Абылгазиев.

Чүйдө жалгыз бой жана көп балалуу 20 эне үйлүү болду
Премьер-министр күч түзүмүндө иштегендердин социалдык маселелерин чечүүдө мамлекет болгон аракетин жасап жаткандыгын кошумчалады.

"Кызматкерлердин жана алардын үй-бүлөлөрүнө ыңгайлуу жашоо шартын түзүү үчүн турак жайлар курула баштады. Нарында 24 батирлүү үй салынган, Бишкек шаарында да пландалып жатат. Жалал-Абад шаарында дагы турак үйлөр курулууда", — деди Абылгазиев.

Андан сырткары, Абылгазиев иш-чарада берилген батирлерди жана жаза аткаруу мекемелеринде жасалган элдик товарларды көрүп чыкты.