Бишкектеги жарылуудан жабыркаган киши ооруканада

Эркек кишинин абалы ортодон начарыраак экени айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия боюнча улуттук борборго Исанов көчөсүндөгү жарылуудан жабыркаган бир киши түшкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Караколдо сүйгөнүн кызганган жигит кыздын батирине өрт койгон
Эскерте кетсек, жума күнү Исанов көчөсүнүн Рыскулов менен кесилишкен аймагындагы 10 кабаттуу үйдүн алдында жарылуу болгон. Ал жерге милиция кызматкерлери менен саперлор тартылып, алар Lexus LX 570 үлгүсүндөгү унааны тинтишкен. Шаардык милиция окуядан эч ким жабрыкабаганын билдирген.

Саламаттык сактоо министрлиги бел жагы жана колунун билеги жабыркаган кишини тез жардам бригадасы алып кеткенин маалымдады. Азырынча анын абалы ортодон начарыраак деп бааланууда.

2016-жылдын апрель айында дал ушул эле жерде россиялык ишкерге кол салуу болгон. Анда ишкерге ок атылып, бирок жабырлануучу аман калган.

Исанов көчөсүндө ушу тапта эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билсеңиз болот.