Кыргызстанда алгачкы жолу Көчмөндөр оюнунун алкагында 3-7-сентябрда "Мөңгү" этно-экологиялык кинофорум өтөт. Бул тууралуу Таалайбек Кулмендеев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, азыркы кезде жаратылыш көйгөйлөрүнө өзгөчө көңүл буруу шарт.
"Бүгүнкү күндө Кыргызстанда кино тармагында ар кандай иш-чаралар бар. Алардын катарын этно-экологиялык "Мөңгү" фестивалы да толуктаганы турат. Мунун алкагында экологиялык маселелерге арналган тегерек стол да болушу күтүлүүдө. Иш-чаранын максаты — табиятты коргоп калууга чакыруу. Тасмалар боз үйдүн ичинде көрсөтүлөт", — деди Кулмендеев.
Ал жаратылышка байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө семинар, жыйналыштарга караганда, ошол маселерди көтөрүп чыккан тасмаларды чоң экрандан көрүү таасирдүү болорун кошумчалады.