Сузакта мечиттен өрт чыкты. Жеринен алынган сүрөттөр

Өрттү өчүрүүгө жалпы жонунан үч бөлүм тартылган
Sputnik

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Жалал-Абаддагы Сузак районуна караштуу Орто Азия айылында жайгашкан мечиттен өрт чыкканын ӨКМ билдирди.

Пожар в мечети в селе Орто-Азия Сузакского района Джалал-Абадской области

Кырсык тууралуу маалымат 19.31де түшкөн. Окуя болгон жерге дароо бир өрт өчүрүүчү бөлүм чыгып кеткен. Сегиз мүнөттөн кийин экинчиси, 14 мүнөттөн кийин дагы бир бөлүм барган. Кызыл жалын 20.21де чектөөгө алынып, 20.40та толугу менен өчүрүлгөнү айтылат. 

Ушу тапта кырсыктын келип чыгуу себеби жана келтирилген зыян такталып жатат.